Мистура: «Орусия менен Түркияга ишенишибиз керек»

БУУнун Сирия боюнча мурунку өкүлү Мистура CNN каналына маалымат берди.

1300524
Мистура: «Орусия менен Түркияга ишенишибиз керек»

БУУнун мурунку Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура, Сирияда кандайдыр бир көйгөй жаралган учурда сүйлөшүүлөрдүн токтобошу үчүн тараптарды көндүрүү темасында Орусия менен Түркияга муктаждык бар экенин айтты.

Сирияда 8 жылдан бери уланып келе жаткан жарандык согушта БУУнун көпкө кызмат кылган өкүлү Мистура CNN каналына маалымат берди.

Мистура, Конституциялык комиттеттин өткөн жумада Швейцариянын Женева шаарында чогулгандыгынын абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

«Сирияда согушка 8 жылдын ичинде 15 өлкө кийлигишти жана баарынын тараптарга болгон таасири бар. Өзгөчө Орусия менен Ирандын өкмөткө, Түркия жана беркилеринин болсо оппозицияга таасири болду. Кандайдыр бир көйгөй жаралган учурда сүйлөшүүлөрдүн токтобошу үчүн тараптарды көндүрүү темасында Орусия менен Түркияга ишенишибиз керек»,-деди.

Орусиянын ролунун абдан маанилүү экенин белгилеген Мистура, Орусиянын Сирияга аскердик кийлигишүүсүнүн болсо тең салмакты жана оюндун эрежелерин толугу менен өзгөрткөнүн айтты.

Мистура Орусиянын Сириянын кайрадан курулуусун жалгыз өзү ишке ашыра албаганы үчүн саясий процесстин бир бөлүгү болуп, бул темада аракет кылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар