АКШ Париж Климаттык Келишиминен чыгат

АКШ 2017 -  жылы чыгарын билдирген Париж Климаттык Келишиминен чыгуу үчүн расмий түрдө кайрылды.

1300558
АКШ Париж Климаттык Келишиминен чыгат

АКШ 2017 -  жылы чыгарын билдирген Париж Климаттык Келишиминен чыгуу үчүн расмий түрдө кайрылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул тууралуу берген жазуу түүндөгү маалыматта : «Президент Дональд Трамп Америка калкына, салык төлөөчүлөргө жана иштерине жүктөлгөн жүктөн улам Париж Климаттык Келишиминен чыгуу чечимин чыгарды»,- деп билдирди. бир тараптар адистер АКШнын келишимден чыгуусу үчүн керектүү процедуралардын бир жылга созуларын белгиледи.

Дональд Трамп 2017 -  жылы 1 -  июнда Ак үйдө өткөргөн пресс  - жыйынында АКШнын 190дон ашуун өлкө кол койгон Париж Климаттык Келишиминен чыгарын жарыялаган. Келишимдин климаттык өзгөрүү менен күрөшүүнү эмес, башка өлкөлөргө АКШга каршы экономикалык мүмкүнчүлүктү алып келүүнү максат кылгандыгын жактаган Трамп мунун Америка экономикасында 3 триллион доллар жана 6, 5 миллион жумуш орундугун жоготууга жол ачарын билдирген.

Франциянын борбор шаары Парижде 2015 -  жылы декабрь айында өткөрүлгөн БУУнун 21 -  Климаттык алмашуунун тараптар конференциясында бекитилген Климаттык Келишимге 2016 -  жылы апрель айында 190дон ашуун өлкө тарабынан кол коюлган. Трамптан мурунку президент Барак Обама эң чоң колдоочусу болгон жана сүйлөшүүлөрүнө лидерлик кылган келишимдин негизги максаты глобалдык орточо ысыктыктын артуу лимитинин кылымдын акырын чейин 1, 5 менен 2 даражанын ортосунда чектелиши катары белгиленген.



Тектеш кабарлар