Йенс Столтенберг:«Эч бир НАТОго мүчө өлкө Түркия сыяктуу террордук кол салууга дуушар болгон жок»

Столтенберг, «Bild am Sonntag» гезитине берген маалыматында Сириянын түндүгүндө зомбулук азая баштаганын жана мунун саясий чечүүчү жол табууга карай аракеттерди да кошо ала келе турганын белгиледи.

1299177
Йенс Столтенберг:«Эч бир НАТОго мүчө өлкө Түркия сыяктуу террордук кол салууга дуушар болгон жок»

 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, эч бир НАТОго мүчө өлкөнүн Түркия сыяктуу террордук кол салууга дуушар болбогонун айтты.

Столтенберг, «Bild am Sonntag» гезитине берген маалыматында Сириянын түндүгүндө зомбулук азая баштаганын жана мунун саясий чечүүчү жол табууга карай аракеттерди да кошо ала келе турганын белгиледи.

Столтенберг: «Бул жерде Түркиянын маанилүү шериктеш экенин моюнга алышыбыз керек. ДЕАШка каршы күрөшүүгө жана жалган халифаттыктын иш жүзүндө кулатылышы жагдайына Түркия чечкиндүү түрдө салымын кошту. Эч бир шериктеш Түркиячалык баш калкалоочуну кабыл алган жок. Түркия 3,6 миллион сириялыкты алды жана эч бир НАТО өлкөсү Түркия сыяктуу террордук кол салууга дуушар болгон жок»,-деп айтты.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп Карренбауэрдин Сириянын түндүгүндө эл аралык коопсуз аймак сунушунун эске салынганы боюнча Йенс Столтенберг, сунушту кубаттаганын, бирок бул темада бүткүл дүйнө өлкөлөрүнүн Сириядагы зомбулуктардын соңуна чыгарылышы үчүн жоопкерчилиги болгонуна көңүл бурду.

Сирияга аскер жөнөтүү чечиминин оңой менен чыкпаганын баса белгилеген Столтенберг, бул сунуштун ишке ашырыла ала турганын айтууга али эрте экенин белгиледи.

Йенс Столтенберг НАТОнун мүчө өлкөлөрүнүн ой-пикирлерин айчык жана олуттуу түрдө бөлүшкөн форум болгонун да кошумчалады.



Тектеш кабарлар