Захарова НАТОго каршылык көрсөттү

Мария Захарова НАТОнун Украина темасындагы кыймылдарына сереп салды.

1298667
Захарова НАТОго каршылык көрсөттү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, НАТОнун Украина меселеси темасында кыйратуучу кадамдарды таштаганын баса белгилеп, өлкөнүн бөлүнүшүнө түрткү болгонун айтты.

Захарованын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында орун алган билдирүүсүндө, НАТОнун Украина темасындагы кыймылдарына сереп салынды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин бир күн мурда Украинага барганын эске салган Захарова, НАТОнун жетекчилеринин Орусияга каршы негизсиз айыптоолорду койгонун билдирди.

Украина маселесинин Минск келишимдеринин алкагында чечилүүсүнө карата аракеттердин НАТО тарабынан эске алынбагандыгына көңүл бурган Захарова: «НАТО, кыйратуучу кадамдарды таштап жатат жана чыңалуунун деңгээлин күчөтүү үчүн кыймыл кылып жатат»,-деди.

Захарова, НАТОнун Украинадагы актуалдуу маселелерди чече албаганын баса белгилеп: «Киевге карай НАТОго кошулуу чакырыктары, өлкөнүн бөлүнүшүнө түрткү болууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар