Өткөн айда Сирия улуттук армиясынын 132 аскери шейит болду

Сирия улуттук армиясынын аскерлери операция аймагында коопсуздуктун камсыздалышы үчүн жүргүзүлгөн издөө тинтүү иштерин жүргүзүүдө.

1298766
Өткөн айда Сирия улуттук армиясынын 132 аскери шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган «Тынчтык булагы» операциясына катышкан Сирия улуттук армиясынын колго жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу убагында жана ЙПГ/ПКК кол салууларынын себебинен өткөн айда 132 аскери шейит болду.

Сирия улуттук армиясынын аскерлери операция аймагында коопсуздуктун камсыздалышы үчүн жүргүзүлгөн издөө тинтүү иштерин жүргүзүүдө.

Операциянын токтотулушу менен Тель Абьяд жана Рас-эль-Айндын чөйрөсүндөгү фронт сызыктарын кармаган Сирия улуттук армиясынын аскерлери, террористтерге таандык колго жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу жана коопсуздук чара көрүүлөрүн арттыруу иштери менен катар фронт сызыктарында террористтердин кол салууларына каршы жооп кайтаруусун дагы улантууда.

Аянттагы Сирия улуттук армиясынын командирлеринен алынып чогултулган маалыматтарга караганда 9-октябрдан бери жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Сирия улуттук армиясынын 132 аскери шейит болуп, 491и жаракат алды.



Тектеш кабарлар