Израиль Газаны танктар менен атып, абадан кол салды

Газа тилкесиндеги Палестин саламаттык сактоо министрлигинен Израиль кол салуусуна байлныштуу азырынча маалымат бериле элек.

1298501
Израиль Газаны танктар менен атып, абадан кол салды

Израиль блокада астындагы Газа тилкесинен атылган ракетага жооп катары Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел-Кассам полкуна таандык экендигин айткан эки жерди танктар менен атып, абадан кол салды.

Израиль армиясынан берилген маалыматта Газадан Израиль тарабына бир ракетанын атылгандыгы, ракетанын абадан коргонуу системасы тарабынан жардырылгандыгы белгиленди.

Газа тилкесиндеги Палестин саламаттык сактоо министрлигинен Израиль кол салуусуна байлныштуу азырынча маалымат бериле элек.

Израиль массалык маалымат каражаттарынан орун алган кабарларда Газа тилкесинен атылган ракетанын «Темир Купол» деп аталган абадан коргонуу системасы менен атылгандыгы жана Израиль тарабында бош бир аянтка түшкөндүгү билдирилди.

Израилдин Канал 13 телекөрсөтүүсүнүн кабарында болсо Газа тилкесинин тегерегиндеги Израиль отурукташуу жерлеринде сигналдардын берилгендиги, ракетанын Израиль менен Палестин каршы чыгуу уюмдарынын ортосунда бир канча жумадан бери келе жаткан кагылышсыз абалдан кийин атылган биринчи ракета экендигине көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар