Түркия-Грузия карым-катнаштары

Грузиянын премьер-министри Түркияга расмий сапар жасады.

1297995
Түркия-Грузия карым-катнаштары
Giorgi Gakharia-Cumhurbaskani Erdogan1.jpg

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар жасады.

Баш калаа Анкарада президенттин орун басары Фуат Октай тарабынан расмий азем менен тосулуп алынган Грузиянын премьер-министри андан соң президент Эрдоган тарабынан кабыл алынды. Президенттиктин комплексиндеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.

Делегациялар аралык иш алып баруу тамагынан кийин президент Эрдоган жана конок премьер-министр биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө, бүгүн эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтерине берилген буйруктун алкагында жакынкы аралыкта Стратегиялык кызматташтык кеңешин чогулта тургандарын билдирди.

Эрдоган стратегиялык өнөктөштүктүн жалгыз гана эки өлкөгө эмес, аймак үчүн дагы оң натыйжа берээрине ишенгенин айтты.

Грузиянын көз карандысыздыгы, саясий ырааттуулук жана жеринин бүтүндүгүнүн Түркия үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген президент, Түркияны бутага алган баардык террордук уюмдарга каршы күрөштү эки тараптуу түрдө тастыктагандарын айтты.

Ал эми Грузиянын премьер-министри болсо, энергетикалык коридорлор темасында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга чоң маани бергендерин билдирди.  



Тектеш кабарлар