Бельгияда токтоп турган унаадан 12 адам табылды

Өткөн жумада Англияда жүк ташуучу унаанын контейнеринде 39 качкындын сөөгү табылган болчу.

1297973
Бельгияда токтоп турган унаадан 12 адам табылды

Бельгияда качкындардын дагы бир трагедиясына бөгөт коюлду.

Антверпен шаарында 12 качкын токтоп турган фуранын муздаткычынан табылды.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу качкындарды байкап калып полицияга билдирди жана ыктымалдуу трагедияга бөгөт болду.

Качкындардын Бельгия аркылуу Англияга барууга аракет кылгандары айтылууда.

Өткөн жумада Англияда бир фуранын контейнеринде 39 качкындын сөөгү табылган болчу.



Тектеш кабарлар