АКШ ДЕАШ катчысы Ел - Мухажирдин жок кылынгандыгын жарыялады

АКШ аба күчтөрү Жараблус районунда мурунку күнү 19:30 чамаларында жолдо бара жаткан, дизель ташыган 2 танкерди ракеталар менен атты.

1296451
АКШ ДЕАШ катчысы Ел -  Мухажирдин жок кылынгандыгын жарыялады

 АКШ террордук уюм ДЕАШтын катчысы Эбу Хасан Ел  -  Мухажирдин мурунку күнү Сириянын Жараблус шаарына жакын жерде жүргүзүлгөн бир операцияда жок кылынгандыгын билдирди. Аты билдирилбеген тышкы иштер министрлигинин бир жетекчиси АКШ медиасына Ел  -  Мухажирдин жок кылынышы тууралуу маалымат берди.

ДЕАШ лидери Эбубекир Ел  - Багдадинин халефи катары көрсөтүлгөн Ел  - Мухажирдин Сириянын Жараблус шаарына жакын жерде жүргүзүлгөн бир операцияда жок кылынгандыгын айткан жетекчи операциянын АКШ атайын күч аскерлери тарабынан жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Жетекчи  операция тууралуу кенен маалымат берген жок. АКШнын коргоо министрлиги да  бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Бир тараптан Жараблустагы Анадолу агенттигинин билдиргенине караганда АКШ аба күчтөрү Жараблус районунда мурунку күнү 19:30 чамаларында жолдо бара жаткан, дизель ташыган 2 танкерди ракеталар менен атты.

Кол салууда чыккан жарылуулар боюнча аймакка барган Сирия Улуттук Армиясынын аскерлери атылган танкерлердин ичинен үч сөөк табышты. Изилдөөлөрдө каза болгондордун  бирөөсүнүн ДЕАШ террордук уюмдун корбашыларынан Ел – Мухажир экендиги болжолдолду.

Бул кишинин танкерлердин бирөөсүнүн ичине атайын жасалган жашыруун бөлмөгө жашырынгандыгы жана бул жерде күйүп өлгөндүгү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар