АКШ Багдадинин сөөгүн деңизге көмүптүр

Атынын билдирилишин каалабаган бир АКШ коргоо жетекчиси сөөктүн деңизге көмүлгөндүгүн тактады.

1296492
АКШ Багдадинин сөөгүн деңизге көмүптүр

АКШнын жуманын акырында Сириянын Идлиб аймагында жүргүзгөн операциясында жок кылынган ДЕАШтын корбашысы Эбубекир Ел Багдадинин сөөгүнүн калдыктарын деңизге көмгөндүгү ортого чыкты.

ДЕАШ корбашысынын сөөгүнүн операция жүргүзүлгөн аймактан алынып АКШга таандык бир базага ДНКсын аныктоо үчүн алып барылгандан кийин сөөктүн калдыктары кызыгуу жаратты. Бул тууралуу Анадолу агенттигине маалымат берген жана атынын билдирилишин каалабаган бир АКШ коргоо жетекчиси сөөктүн деңизге көмүлгөндүгүн тактады. Жетекчи сөөктүн ташталган жери жана кандайча көмүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат бербей тургандыгын айтты. Багдадинин сөөгүнүн деңизде көмүлүп же көмүлбөгөндүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берген АКШнын башкы штабынын төрагасы Марк Милле сөөктүн калдыктарынын эл аралык аскердик мыйзамга ылайык түрдө жок кылынгандыгын билдирди.

Террор корбашысы Багдади АКШ атайын күчтөрүнүн 8 тик учар менен Идлибдин түндүгүндө жүргүзгөн операциясында өлүү колго түшүрүлгөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп Багдадинин жашаган үйдүн астындагы туннелдердин бирине киргенден кийин денесиндеги жан кечтилик желегин жардырып жанындагы үч бала менен бирге өлгөндүгүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар