Орусиянын аскердик полициясы күзөт иштерин улантууда

Бул туурасында Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат берди.

1295888
Орусиянын аскердик полициясы күзөт иштерин улантууда

Орусиянын Коргоо министрлиги, Түркия менен Орусиянын ортосундагы макулдашууга ылайык Сириянын түндүгүндө орус аскердик полициясынын жаңы багыттарда күзөт жүргүзүп жатканын маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Сириядагы Тараптарды элдештирүү борборунун билдирүүсүндө, орус аскердик полициясынын макулдашуунун алкагында Сирия-Түркия чек арасында күзөт жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Орусиянын аскердик полициясы, Ажеми-Каракоза-Кобани-Коран, Камышлы-Факира, Камышлы-Сималка багыттарында күзөт иштерин жүргүздү»,-делди.

Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык эртең кечкиге чейин аймактагы баардык ЙПГ/ПКК террористтеринин чыгарылышы керектиги баса белгиленген билдирүүдө: «29-октябрь күнү саат 18.00ге чейин күрт террористтери менен куралдары Сирия-Түркия чек арасынын 30 чакырым тышына чыгарылышы керек. Андан кийин «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аянттын батыш жана чыгышында 10 чакырым ичкериде түрк-орус биргелешкен күзөттөрү башталат»,-деп айтылды.

Ошондой эле террордук уюм ЙПГ террористтеринин куралдары менен бирге Манбиж жана Тель-Абьяддан чыгарылышы керектиги да баса белгиленип: «Бул иштердин аткарылышы, Сирия-Түркия чек арасында ырааттуулуктун камсыздалышына өбөлгө түзөт»,-делди.

 



Тектеш кабарлар