Россиянын кошумча бөлүктөрү Түркия - Сирия чек арасына барды
Россиянын коргоо министрлиги тарабынан 300гө жакын Россия аскердик полициясынын Түркия - Сирия чек арасына баргандыгы билдирилди.
Россиянын коргоо министрлиги тарабынан 300гө жакын Россия аскердик полициясынын Түркия - Сирия чек арасына баргандыгы билдирилди.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия менен Россиянын ортосунда Сочиде түзүлгөн меморандумдун негизинде жиберилген кошумча бөлүктөрдүн Түркия - Сирия чек арасына баргандыгы белгиленди.
Маалыматта Россиянын аскердик полициясынын ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери жана куралдарынын Сирия - Түркия чек арасынын 30 километр тышына чыгарылышына жардам берери маалымдалып : «Чеченстан республикасынан Россия куралдуу күчтөрүнүн 300 аскердик полициясы атайын милдетин аткаруу үчүн Сирияга барды»,- деп билдирилди. Маалыматта Россиянын Сириядагы Хымеймим аба базасына 20дан ашуун «Кабылан» жана «Тайфун» ок өткөрбөс унаа жиберилери баса белгиленди.