Орусия Сирияда "Эл аралык коопсуз аймак" сунушун четке какты

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин «эл аралык текшерилген коопсуз аймак түзүү» сунушуна каршы экендерин белгиледи.

1293644
Орусия Сирияда "Эл аралык коопсуз аймак" сунушун четке какты

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Германиянын Сириянын түндүгүндө «Эл аралык текшерилген коопсуз аймак түзүү» сунушуна каршы экендерин белгиледи.

Вершинин Орусиянын маалымат агенттиги РИА Новостиге берген маалыматта Түркия менен Орусиянын ортосунда  Сочиде түзүлгөн меморандумга байланыштуу маалымат берди.

Вершинин : «Сочиде түзүлгөн меморандумдун Сириянын түндүк чыгышындагы маселени чечерин ойлоп жатабыз. Бул жерде эл аралык текшерүүгө алынган коопсуз аймактын түзүлүшүнүн кереги жок»,- деди.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп Карренбауэр бир канча убакыт мурда берген маалыматында Сириянын түндүгүндө «Эл аралык текшерүүгө алынган коопсуз аймак түзүү» сунушун киргизген болчу.



Тектеш кабарлар