Марк Эспер Түркия менен карым  - катнаштарды өнүктүрү керектигин айтты

«НАТОго 1952 -  жылы мүчө болгондон бери  мыкты союздаш болгон Түркия менен согушка кирүү сөз болбойт".

1294218
Марк Эспер Түркия менен карым  - катнаштарды өнүктүрү керектигин айтты

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Түркия менен карым  - катнаштарды өнүктүрү керектигин айтты.

НАТОнун коргоо министрлер жыйынынын негизинде Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Эспер Германиянын Маршалл Фонду  аттуу ой мекемеси тарабынан уюштурулган иш чарада сөз сүйлөдү.

Бирдикте Түркия менен өнөктөштүктү күчтөндүрүү үчүн иштөө керектигин белгилеген Эспер : «Түркия менен карым  - катнаштардын кандайча өнүктүрүлөрүнө байланыштуу НАТОнун жана эки тараптуу карым  - катнаштардын негизинде аракет кылуу керек. Бул багытта иштерди жүргүзүүнү улантуубуз керек. Бул алкакта аскердик карым  - катнаштар чоң мааниге ээ. Бул жерден баштасак болот»,- деди.

АКШнын «Тынчтык булагы» операциясына тоскоол болуу үчүн аракетте болгондугун бирок Түркиянын бул тууралуу башынан бери чечкиндүү экендигин белгилеген Эспер : «Түркия биз 2014 -  жылы Сирия демократиялык күчтөрү (ЙПГ/ПКК) менен өнөктөш болгонубузда да тынчсыздануусун билдирген. Аймакта эки операция да  жүргүзүлдү. Ошондуктан Түркиянын чечкиндүүлүгү таң калтыруучу эмес»,- деди.

Эспер сөзүн төмөнкүчө улантты : «НАТОго 1952 -  жылы мүчө болгондон бери  мыкты союздаш болгон Түркия менен согушка кирүү сөз болбойт. Күрттөр менен (ЙПГ/ПКК) келишимибиз ДЕАШты жеңүүгө карата эле. Аларга эч качан автономиялуу мамлекет куруусуна жардам берүү же түрктөргө каршы коргоо убадасын берген жокпуз».



Тектеш кабарлар