Орус армиясы Айнуларабга кирди

Орусиянын коргоо министрлиги Орусия аскердик полиция конвоюнун Түркия  - Сирия чек арасындагы Айнуларабга киргендигин билдирди.

1293502
Орус армиясы  Айнуларабга кирди

Орусиянын коргоо министрлиги Орусия аскердик полиция конвоюнун Түркия  - Сирия чек арасындагы Айнуларабга киргендигин билдирди.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин 22 -  октябрда түзгөн келишимдердин негизиндеги акыркы абалдарга байланыштуу маалымат берилди.  

Орусия аскердик полиция конвоюнун Сириянын түндүк чыгышына карай жыла баштагандыгы белгиленген маалыматта Орусия аскердик полициясынын «Тынчтык булагы»  операциясы жүргүзүлгөн аймакка коңшу аймактарда күзөттө туруп ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун террористтеринин чегинишине мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.

Сочиде түзүлгөн келишимдин негизинде Евфраттын чыгышына карата да кадамдардын ташталгандыгы белгиленген маалыматта : «Орусиянын аскердик полиция конвоюу Түркия  менен Сириянын чек арасындагы Айнуларабга (Кобани) кирди. Орусиялык жетекчилер жергиликтүү башкаруунун өкүлдөрү менен жолугушуп милдеттердин толугу менен аткарылышына карата темаларды карап чыгышты»,- деп билдирилди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  бүгүн Анадолу агенттигинин Редактордун столунда «Айнулараб да болгон ЙПГ террористтери Орусия жана өкмөт күчтөрү тарабынан 30 километрдын тышындагы жерге жиберилет, куралдары да бул жерден тазаланат»,- деген.



Тектеш кабарлар