Путин менен Макрон сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1292121
Путин менен Макрон сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен Сирия маселесин сүйлөштү.

Кремлдин билдирүүсүндө, Путиндин Макрон менен өткөргөн телефондогу сүйлөшүүсүндө Сирия маселесине байланыштуу пикир алмашылгандыгы белгиленди.

Сүйлөшүүдө Сириянын түндүк-чыгышындагы абал кеңири каралып, өлкөнүн жеринин бүтүндүгүнө урмат сый көрсөтүлүшү керектигине басым жасалгандыгы билдирилди.

Путиндин Макронго Орусиянын аймактагы иштерине байланыштуу маалымат бергендиги айтылган билдирүүдө: «Сириядагы тийиштүү тараптардын ортосунда байланыш курулуусунда, баардык этникалык жана диний топтордун кызыкчылыктарынын камсыздалышында Орусиянын аракеттери жөнүндө маалымат берилди»,-делди.

Ошондой эле сүйлөшүүдө БУУнун жетекчилигинде Женевада ушул айдын аягында чогула турган Конституциялык комиссиянын алкагында Сирияда диалогдун башталуусунун маанилүү экени баса белгиленди.

Эки лидердин Украинадагы акыркы кырдаалды да сүйлөшкөндүгү белгиленген билдирүүдө, Украина маселесинин чечилүүсү үчүн негиз болгон «Минск чара көрүүлөр пакетине» альтернатива табылбагандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар