Орусия Сирияда террордук коркунучка каршы чара көрүлүшүн колдойт

Лавров Сириянын түндүгүндөгү абал тууралуу маалымат берди.

1291882
Орусия Сирияда террордук коркунучка каршы чара көрүлүшүн колдойт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөсүнүн Сирияда террордук коркунучка жол бербөө үчүн кадамдардын ташталышын жактаганын белгиледи.

Лавров борбор шаар Москвада болгариялык кесиптеши Екатерина Захариева менен жолуккандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында Сириянын түндүгүндөгү абал жөнүндө айтып берди.

Орусиянын Сириянын жерлеринен Түркия жана берки өлкөлөргө каршы коркунуч жаралбашы үчүн чара көрүлүшүн жактаганын белгилеген Лавров, түрк жетекчилеринин болсо Башар Асад режиминин өкүлдөрү менен Сочиде сүйлөшүү өткөрүүсү боюнча кандайдыр бир план болбогонун айтты.



Тектеш кабарлар