Сириядагы АКШ аскерлери Иракка кетет

Жакынкы Чыгышка барыш үчүн АКШдан аттанган Эспер, учакта басма сөзгө Сирия туурасында маалымат берди.

1291113
Сириядагы АКШ аскерлери Иракка кетет

АКШнын коргоо министри Марк Эспер, президент Дональд Трамптын чечими менен Сириянын түндүгүнөн чыккан миң чакты Америка аскеринин Ирактын батыш жагына өтө турганын жарыялады.

Жакынкы Чыгышка барыш үчүн АКШдан аттанган Эспер, учакта басма сөзгө Сирия туурасында маалымат берди.

Сөз болгон аскерлердин так түрдө качан Иракка өтө турганы туурасында маалымат бербеген Эспер, өткөрүү иштери жумалап созула турганын айтты.

Эспер, бул аскерлердин Иракта ДЕАШ менен күрөшүүсүн уланта турганын жана Ирактын коргонуусуна колдоо көрсөтө турганын белгиледи.

Трамп, мындан мурда Сириянын түндүгүндө кызмат өтөгөн жалпы миң чакты АКШ аскерин бул өлкөдөн чыгара турганын билдирген. Бул чечими АКШ Конгрессинде терс жаңырык тапкан жана сынга алынган болчу.



Тектеш кабарлар