Ливанда өкмөткө каршы митингге полиция кийлигишти

Ливанда экономикалык абалдын начарлашы жана коммуникацияга жаңы салыктардын келиши менен жалпы өлкөдө улантылып жаткан митингдерге коопсуздук күчтөрү кийлигишти.

1290422
Ливанда өкмөткө каршы митингге полиция кийлигишти

Ливанда экономикалык абалдын начарлашы жана коммуникацияга жаңы салыктардын келиши менен жалпы өлкөдө улантылып жаткан митингдерге коопсуздук күчтөрү кийлигишти.

Акыркы жылдарда экономикалык маселелер менен күрөшүп жаткан ливандыктар өкмөттүн коммуникацияга жана өзгөчө социалдык байланыш желеси WhatsAppка салык салуу аракети менен кечээ кечки сааттарда баштаган митинг түнү менен улантылды.

Борбор шаар Бейруттун түрдүү аймактарында резиналарды өрттөп, жолдорду унааларга жапкандан кийин шаардын борборундагы Рияд Тынчтык аянтында чогулган миңдеген ливандык өкмөткө каршы түрдүү ураандар менен башкаруучуларды кызматтан кетүүгө чакырды.

Өкмөт сарайына жакын Шейиттер аянтында чогулган кыжырдуу жана калың топ да резиналар менен бирге тегеректеги курулуштардагы материалдарды өрттөп, жолдорду унааларга жапты жана «эл башкаруунун кулашын каалап жатат», «төңкөрүш» деген ураандар менен жүрүштү.

Бейрут Рияд Тынчтык аянтындагы митингчилер коопсуздук күчтөрүнүн көздөн жаш агызуучу газ колдонуусу менен таркады.

Эсин жоготкон кээ бир митингчилерге саламаттык сактоо кызматкерлери жардам берди. Өлкөнүн түштүгүндөгү Сайда шаарында да жүздөгөн киши өкмөттүн экономикалык саясатына каршы митингге чыгышты.



Тектеш кабарлар