«Сибирь» авиакомпаниясы Грузиянын Кутаиси шаарына уча алат

Путин орусиялык авиакомпаниялардын Грузияга учууларына тыюу салган болчу.

1289553
«Сибирь» авиакомпаниясы Грузиянын Кутаиси шаарына уча алат

Орусия Грузияга учууга жарым-жартылай уруксат берди.

Орусиянын федералдык авиация агенттиги (Росавиация) 8-июлдан бери тыюу салынган Грузия каттамдарына жарым-жартылай уруксат берди.

Росавиациянын интернет баракчасындагы буйрукка караганда, «Сибирь» авиакомпаниясына Грузиянын эң чоң шаары Кутаисиге учууга уруксат берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Грузияда өткөрүлгөн Орусияга каршы митингдерден кийин орусиялык авиакомпаниялардын Грузияга учууларына убактылуу тыюу салган жарлыкка 8-июлда кол койгон болчу.



Тектеш кабарлар