Дүйнөдө 1,3 миллиард адам жакырчылыкта жашайт

17-октябрь Дүйнөлүк жакырчылык менен күрөшүү күнү

1289730
Дүйнөдө 1,3 миллиард адам жакырчылыкта жашайт

Дүйнө калкынын санынын 23 пайызын түзгөн 1 миллиард 300 миллион адам жакырчылыкта жашайт.

Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда, дүйнөдөгү жакыр калктын жарымын 18 жашка чейинкилер, үчтөн бирин болсо 10 жашка чейинки балдардын түзгөндүгү көңүлдөрдү бурду.

БУУ «17-октябрь Дүйнөлүк жакырчылыкка каршы күрөшүү күнүнүн» алкагында уюштурган ар түрдүү иш-чаралар менен эл аралык коомчулуктун бул темадагы маалымдуулугун жогорулатуу үчүн аракет кылууда.

Согуштар жана ачарчылык сыяктуу кризистерге дуушар болгон Африка өлкөлөрү жакырчылыкта биринчи орунда турат.

Бул учурда жакырчылыкты 2030-жылга чейин толугу менен жоюу максатында иш жүргүзгөн Дүйнөлүк банктын өткөн жылы жарыялаган «Дүйнөлүк жакырчылыкты жоюу» темалуу отчетуна караганда, ашыкча жакырчылык көрсөткүчү 2015-жылы 11 пайыздан 10 пайызга азайды.

Бир тараптан жетишсиз тамактанган кишилердин саны көбөйгөн дүйнөдө 820 миллиондон ашуун киши б.а 9 кишиден бирөө ачкачылык менен күрөшүп жатат.



Тектеш кабарлар