ПККлыктар ДЕАШтык 10 аялды балдары менен бирге эркин кое беришти

Күрттөрдүн көзөмөлүндөгү лагерлерде жүздөгөн француз үй-бүлө кармалып турат.

1288927
ПККлыктар ДЕАШтык 10 аялды балдары менен бирге эркин кое беришти

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККлык террористтер лагерлеринде кармап турган ДЕАШтык 10 аялды эркин кое беришти.

Француз «Le Parisien» гезитинин эки кабарчысынын аянттагы маалыматтарга таянып берген кабарына караганда, Раккага 50 чакырым алыстыктагы бир лагерде ЙПГ/ПККлыктар, террордук уюм ДЕАШка мүчө француз 10 аялды 25 баласы менен бирге эркин кое беришти.

Гезиттин кабарында эркин кое берилген аялдардын бирөөсү: «Күрттөр (ЙПГ/ПККлыктар) бизге бул жерден чыгып кеткиле дешти. Эч нерсе түшүнгөн жокпуз. Андан соң баары кетишти жана жарандар калышты» деген сөздөрүнө орун берилди.

Кабарда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККлыктардын көзөмөлүндөгү лагерлерде жүздөгөн француз үй-бүлөнүн кармалып тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар