Японияда болгон "Хагибиси" тайфуну

Тайфунунда каза болгондордун саны 53кө жетти.

1287878
Японияда болгон "Хагибиси" тайфуну
hagibis tayfunu1.jpg

Японияда жуманын акырында алты аймакта катуу болгон «Хагибиси»  тайфунунда каза болгондордун саны 53кө жетти.

Киодо маалымат агенттигинин түрдүү булактардан алып берген маалыматына караганда жарандык коргонуу күчтөрү полиция жана өрт өчүргүч жетекчилери тайфун таасирдүү болгон аймактарда жүздөн ашуун кишинин жаралангандыгын, жоголгон он алты кишини издөө иштеринин улантылып жаткандыгын айтышты.

Өрт жана апаатты башкаруу агенттиги тайфундан улам он жети аймактан отуз сегиз миңге жакын кишинин эвакуациялангандыгын жарыялады.

Тайфун жол ачкан сел жана жер күчкүлөрдөн таасирленген аймактарда изилдөө – куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди.

Япониянын премьер  - министри Абе кабинет мүчөлөрүнө жергиликтүү башкаруулардан талаптын келишин күтпөстөн тайфундан таасирленген аймактардагы электр жана суу системалары сыяктуу инфраструктуралардын эртерээк оңдолушу, тамак  - аш, суу жана башка материалдардын жиберилишине жолдомо берди.

Метеорлогия «Хагибисинин» акыркы алтымыш жылдын эң катуу тайфуну болушу мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

Башта борбор шаар Токио жана Гунма, Саитма, Канагава, Яманаши, Нагано жана Шизука  аймактарында чукул абал  жарыяланган.

Ишемби күнү башталган жана ылдамдыгы саатына 180 километрге жеткен тайфундан улам жалпы өлкөдө эң аз 56 жер көчкү болуп, ашыкча жамгырдан улам Япониянын Хоншу аралында алты миллиондон ашуун кишинин эвакуациялангандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар