ЙПГ/ПКК террор уюмун колдогондор чет өлкөлөрдө атуулдарга кол салууда

Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана ыраттуулук алып келүү максатында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына нааразылык билдирген террорду жактоочулардын жаман жосундары...

1287093
ЙПГ/ПКК террор уюмун колдогондор чет өлкөлөрдө атуулдарга кол салууда

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын жактоочулары, Германиянын Филлинген-Швеннинген  шаарында түрк ишкерлери орун алган коомго жана Нюрнбергде түрк маркетине кол салды. Кол салуудан 3 түрк жараны жаркат алды.

Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана ыраттуулук алып келүү максатында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына нааразылык билдириш үчүн Филлингендеги Түрк ишкерлери коому орун алган көчөдө жүрүшкө чыккан террордук уюмдун жактоочулары, комплекстин алдында турган жана нааразылык кылгандарга каршы чыккан эки кишиге кол салды.

Полиция, коомду курчоого алып террордук уюмдун жактоочуларынын кол салууларынан коргоого аракет кылды.

Кол салуунун социалдык медиада бөлүшүлгөн көрүнүштөрүндө болсо полициянын жетиштүү болбогону жана коомдо тургандардын кошумча күч талабына «ишимди мага үйрөтпө» деген жооп берилгени көрүнүүдө.

Түроордук уюмдун жактоочулары Нюрнбергде дагы бир түркккө таандык маркетке кол салды. Кол салуунун себебинен бир киши жаракат алганы айтылды.

Түркиянын Нюрнбергдеги башкы консулу Сердар Дениз, кол салуудан кийин маркетке келип жумуш орунунун ээсине колдоо көрсөттү. Дениздин немис полициясы менен байланыш куруп түшүндүрмө берүүсүн талап кылганы маалым болду.

Израилде да бир топ Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максаты менен жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына нааразылык билдирүү үчүн террордук уюм ЙПГ/ПККга колдоо көрсөтүлдү.

Батыш Кудстагы Царфат/Париж аянтында чогулган террордук уюмдун колдоочулары Түркияга каршы ураан чакырды.

ЙПГ жана Израилдин желегин көтөрүп жүргөн топтун мүчөлөрү, террордук уюмга колдоо менен катар президент Режеп Таййип Эрдоганга акаарат кылган ураандарды чакырды.

Террордук уюмдардын жактоочулары басма сөзгө жалган билдирүү таркаткандан кийин тарап кетти.



Тектеш кабарлар