Лавров Түркиянын операциясына сереп салды

Лавров: «Түркиянын чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп турабыз»

1285687
Лавров Түркиянын операциясына сереп салды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркиянын чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп тургандарын айтты.

Түркиянын Сириянын түндүгүнө карай баштаган «Тынчтык булагы» операциясына сереп салган Лавров, Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурду жана «Чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп турабыз»,-деди.

Лавров операциянын АКШнын бул аймакта таштаган кадамдарынын жыйынтыгы экенин белгиледи.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы аскердик байланыш каналдарынын ачык экенин баса белгилеген Лавров: «Биз байланышта болуп жатабыз»,-деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров, Анкара менен Дамасктын диалог куруусу үчүн аракет кыла тургандарын да билдирди.



Тектеш кабарлар