Пентагондун Түркия жөнүндөгү билдирүүсү

Пентагондун басма сөз катчысы Жонатан Хоффман маалымат берди.

1284352
Пентагондун Түркия жөнүндөгү билдирүүсү

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жонатан Хоффман: «Сириянын түндүгүндөгү АКШ аскерлеринин коопсуздугун сактоо үчүн Түркиянын ыктымалдуу аскердик операция жолунан чыктык»,-деп билдирди.

Президент Дональд Трамптын Түркиянын пландаган операциясына карата Сириянын түндүгүндөгү белгилүү аймактардагы АКШ аскерлерин чыгаруу чечимин Пентагон менен кеңешпегендиги жөнүндөгү айтымдарга каршылык көрсөткөн Хоффман: «Тескерисинче жарыяланган туура эмес кабарларга карабастан президент Трамп, Түркиянын аскердик операциясы боюнча Сириянын түндүгүндөгү абал жана АКШ аскерлерин коргоо аракеттеринен улам министр Эспер жана башкы штабдын башчысы Миллер менен бул темаларда кеңешти»,-деп айтты.

Хоффман ошондой эле: «Министрлик, ыраттуулукту камсыздоо үчүн эң жакшы жолдун Сирияда коопсуз аймак түзүү экени темасындагы позициясын дагы деле улантууда. Тилекке каршы Түркия бир тараптуу кадам таштоону тандады. Жыйынтыгында Сириянын түндүгүндөгү АКШ аскерлеринин коопсуздугун сактоо үчүн Түркиянын аскердик операция жолунан чыктык»,-деди.



Тектеш кабарлар