БУУнун бюджет тартыштыгы өсүүдө

Гутерриш БУУга мүчө 193 өлкөгө жөнөткөн катта уюмдун бюджет маселесине көңүл бурду.

1284454
БУУнун бюджет тартыштыгы өсүүдө

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш акыркы он жылдын «эң жаман каржылык кризиси» менен бетме-бет келгендерин билдирди.

Гутерриш БУУга мүчө 193 өлкөгө жөнөткөн катта, уюмдун бюджет маселесине көңүл бурду.

БУУнун бюджет тартыштыгы 230 миллион долларга жеткендигин жана айдын аягынан тарта түгөнө тургандыгы боюнча эскерткен Гутерриш, акыркы он жылдын эң жаман каржылык кризиси менен бетке-бет келгендерин жана мүчө өлкөлөр төлөмдөрүн төлөбөгөн учурда иш-аракеттеринин үзгүлтүккө учурай турганын айтты.

БУУга мүчө 193 өлкөдөн жалгыз гана 129у уюмга жылдык төлөмүн төлөсө, төлөмдөрүн төлөбөгөн өлкөлөрдүн арасында каржылык жактан чоң салым кошуусу күтүлгөн АКШда да орун алууда.

БУУнун орто эсеп менен 5,4 миллиард долларлык жалпы боюджетинин 22 пайызын АКШ камсыздайт.



Тектеш кабарлар