Түндүк Корея АКШ мамилесин өзгөртмөйүнчө сүйлөшүү баштабайт

Бул туурасында Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги жазып чыкты.

1283121
Түндүк Корея АКШ мамилесин өзгөртмөйүнчө сүйлөшүү баштабайт

Түндүк Корея, АКШ тараптын душман сыяктуу мамилелери өзгөрбөгөн учурда сүйлөшүү үстөлүнө кайрадан отурбай турганын билдирди.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттигинин (KCNA) Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып берген кабарында, АКШ тараптын душман сыяктуу мамилесин өзгөртө турчу канааттандырарлык кадам таштамайынча Түндүк Кореянын бул тажатма сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети жок экени белгиленди.

Билдирүүдө АКШ тараптын мурдагы мамилесин улантып жаткандыгы, жаңы сунушун билдирбегендиги жана кандайдыр бир даярдык көрбөстөн эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ички саясий материал катары өз максаттарынын негизинде кыянаттык кылгандыгы жөнүндөгү айыптоолор орун алды.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Морган Отагус эки өлкөнүн ортосунда Швециядагы сүйлөшүүдөн кийин кечээ берген маалыматында: «Сүйлөшүүлөрүбүздүн аягында АКШ, Швециянын эки жуманын ичинде кайрадан Стокгольмдо жолугушуу чакырыгын кабыл алды»,-деген эле.

Түндүк Кореянын башкы сүйлөшүүчүсү Ким Мён Гил болсо, сүйлөшүү процессинин кайрадан башталуусунун АКШнын мамилесине жараша болоорун белгилеп, Вашингтонго жылдын аягына чейин убакыт берген болчу.



Тектеш кабарлар