Тод Уолтерс Түркия менен АКШнын карым-катнаштарына сереп салды
Тод Уолтерс, АКШнын Коргоо министрлигинде (Пентагон) медиа кызматкерлерине маалымат берди.
АКШнын Европа күчтөрү жана НАТО шериктеш күчтөр жогорку командири, армия генералы Тод Уолтерс, Түркия менен туш болгон F-35 кризиси тууралуу, «НАТОнун башкы катчысынан дагы укканыңыз сыяктуу биз үй-бүлө болуп саналабыз. Үй-бүлөдө бир туугандар, ата-энелердин арасында түшүнүшпөстүктөр болот»,-деди.
Тод Уолтерс, АКШнын Коргоо министрлигинде (Пентагон) медиа кызматкерлерине маалымат берди.
Түркия менен АКШнын Сириянын түндүк чыгышында коопсуз аймак түзүү иш-аракеттери тууралуу суроолорго жооп берген Уолтерс, эки өлкөнүн «коопсуздук механизми аянты» катары аныкталган аймакта учурда ушул убакка дейре кургактыктан жана абадан бардыгы 9 жолу күзөт иштерин кылганын белгилеп кетти.
Уолтерс: «Бул күзөттөр абдан таасирдүү болду. Коопсуздук механизми тармагындагы буктурмалардын абалына карай иликтөө жүргүзүүнү максаттайт»,-деп айтты.
Түркиянын НАТОдо маанилүү роль ойногонуна көңүл бурган Уолтерс: «Түрк кесиптештерибиз менен машыгууларда таасирлешкенибизде бизге курал жолдоштору сыяктуу мамиле кылышат. Чындап эле сиз менен каны бир сыяктуу мамиле кылышат. Ошондуктан аскердик карым-катнаштардагы ишеним мурда болгону сыяктуу абдан күчтүү. Мен, коргоо министри Марк Эспер, ошондой эле президент Дональд Трамп тарабынан НАТО командири жана АКШнын Европа командири катары күчтүү карым-катнаштарды улантуу үчүн колумдан келгенин кылуу үчүн милдеттендирилдим»,-деп айтты.
Түркиянын F-35 программасынан чыгартылышынын НАТО шериктештигиндеги таасири тууралуу суроо боюнча Уолтер, бул теманын эки өлкөнүн карым-катнаштарындагы кичине бир түшүнүшпөстүк болгонун белгилеп, «НАТОнун башкы катчысынан дагы укканыңыз сыяктуу биз үй-бүлө болуп саналабыз. Үй-бүлөдө бир туугандар, ата-энелердин арасында түшүнүшпөстүктөр болот. Аскердик жактан алганда бул кичине түшүнүшпөстүктү жамгырга окшоштурамын. Ар таңда ойгонгондо жамгыр бар болсо ишибизди улантуунун жолун издейбиз»,-деп жооп берди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718757451)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.