Израиль аскерлери 13 палестиналыкты дагы камоого алды

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камоого алынгандардын арасында балдар менен аялдар да бар.

1281034
Израиль аскерлери 13 палестиналыкты дагы камоого алды

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 13 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү менен жасалган тинтүүлөрдө «террордук кыймылдарга аралашты» деген негиз менен 13 палестиналыкты камоого алгандыгы белгиленди.

Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги билдирилди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөргө тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү айыптоолор менен палестиналыктарды камоого алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камоого алынгандардын арасында балдар менен аялдар да бар. Палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.



Тектеш кабарлар