Асад кыргынына Холокост окшотуусу

АКШнын Сирия атайын өкүлү Жоэл  Рейберн Асад режиминин 21 -  кылымда кайрадан кыргын кылгандыгын айтты.

1280917
Асад кыргынына Холокост окшотуусу

АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары жана Сирия атайын өкүлү Жоэл  Рейберн Асад режиминин 21 -  кылымда кайрадан кыргын кылгандыгын айтты.

Жоэл Рейберн АКШнын коргоо министрлигинин орун басары Мик Малрое менен Тышкы карым – катнаштар кеңешинде сүйлөштү.

Сириядагы кризистин себебинин саясий экендигин белгилеген Рейберн чечүүчү жолдун да саясий болушу керектигине басым жасады. Рейберн : «Режим Орусия жана Иран колдогон күчтөрдүн жардамы менен Сириянын бардык жерин кайрадан колго алуу үчүн аракет кылышы мүмкүн бирок бул кризистин акыры келбейт»,- деди.

Режимдин химиялык курал колдонгондугуна да токтолгон Рейнберн : «Бул Асад режиминин химиялык курал колдонуу боюнча жетеринче тоскоолдуктун болбогондугун көрсөтүүдө»,- деди.

Рейнберн тоскоолдук болбогондуктан  Асаддын химиялык курал запасын кайрадан толтуру коркунучунун бар экендигин белгиледи.

Орусиянын Асад режиминде таасирдүү экендигин жана Москва кааласа режимдин кыргындарын токтото аларына көңүлдөдү бурган Рейнберн : «Сириядагы Асад режими 21 -  кылымда кайрадан Холокост кыргынын кылып жатат»,- деди.

(Холокост фашисттик Германиянын Экинчи Дүйнөлүк согушунан мурда жана согуш учурунда (1933 – 1945) системалуу түрдөгү еврей кыргынына берилген ат.)

 



Тектеш кабарлар