Рухани менен Путин жолукту

Эки лидер кайсы темаларды сүйлөштү?

1280076
Рухани менен Путин жолукту

Ирандын президенти Хасан Рухани менен Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын баш калаасы Ереванда жолугушушту.

Ирандын Президенттик аппаратынын маалыматына караганда, Евразия экономикалык биримдигинин Жогорку кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ереванга барган Рухани Путин менен атомдук келишим ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана дүйнөлүк маселелерди сүйлөштү.

Атомдук келишимдин эл аралык маселелердин чечилүүсү үчүн ийгиликтүү модель экенин жактаган Рухани, бул келишимдин натыйжа берүүсү үчүн баардык тараптардын эки жактуу түрдө убадаларын орундатуулары керектигин айтты.

Келишимге кошулган өлкөлөрдөн практикалык кадамдарды таштоолорун талап кылган Рухани, Москванын бул багыттагы ролунун маанилүү экенин билдирди.

Орусиянын президенти Путин да, атомдук келишимге болгон колдоосун кайталап, баардык өлкөлөрдүн убадаларын орундатуусу үчүн Москванын аракет кылаарын белгиледи.

Путин өзгөчө Ирандын Евразия экономикалык биримдиги менен расмий кызматташуусун баштаганын оң кабыл алгандарын жана бул жагдайдын аймактык кызматташууга кеңири пайдубал даярдай турганын айтты.



Тектеш кабарлар