Ирандын президенти Рухани Трамп менен сүйлөшүүнү четке каккан

Франциянын президенти Емануэль Макрондун Рухани калган мейманканага барып Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү сунушун Иран делегациясына билдиргени белгиленди.

1280306
Ирандын президенти Рухани Трамп менен сүйлөшүүнү четке каккан

Ирандын президенти Хасан Руханинин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 -  сессиясында АКШнын президенти Дональд Трамп менен ыктымалдуу телефон аркылуу сүйлөшүүнү четке каккандыгы ортого салынды.

New York Times гезитинде берилген маалыматта Трамп менен Руханинин арасында Франциянын арачылыгы менен акыркы учурда күн тартибине келген ыктымалдуу телефон аркылуу сүйлөшүүнүн Руханинин четке кагышы менен жыйынтыксыз болгондугу белгиленди.

Кабарда Франциянын президенти Емануэль Макрондун Рухани калган мейманканага барып Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү сунушун Иран делегациясына билдиргени белгиленди.

Макрондун сүйлөшүү сунушунун орун басарларынын арачылыгы менен Руханиге билдирилгендиги жана өзгөчө коопсуз бир бөлмөнүн Рухани  -  Трамп телефон сүйлөшүүсү үчүн ылдам түрдө даярдалгандыгы, Трамптын телефондо күткөндүгү, Руханинин болсо бөлмөсүнөн да чыкпагандыгы маалымдалды.

Кабарда өзгөчө Руханинин эки лидердин ортосундагы ыктымалдуу телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин Иран ички саясатына өзүнө карата каршы чыгуулардан тартынгандыгы баса белгиленди.

Кабарда көз карашына орун берилген Эл аралык Кризис Тобунан Иран Программасынын директору Али Ваез да ички саясий абалдан улам Руханинин Трамп менен сүйлөшүү тобокелчилигин кабыл ала албай тургандыгын белгиледи. Ваез  Руханинин санкциялар тууралуу бир ийгилик ортого чыкмайынча процессти тобокелчиликке сала албай тургандыгын айтты.  

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 -  сессия жыйыны 2019 -  жылдын 17 – 27 -  сентябрь күндөрү АКШнын Нью – Йорк шаарында өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар