Афганстанда жарылуу болду

Жарылууда 6 киши каза тапты.

1280267
Афганстанда жарылуу болду

Афганстандын Каписа аймагында болгон жарылууда 6 жаран каза болду.

Каписа коопсуздук директорлугунун катчысы Абдул Шукур Шайик Каписанын Нижраб районуна караштуу Баизхил айылында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын жарандар өтүп бара жатканда жарылгандыгын айтты. Жарылууда 6 кишинин каза болгондугу, алардын ичинен экөөсүнүн балдар экендигин айткан Шайик эки жарандын да жаралангандыгын белгиледи. Шайик бомбанын Талибан тарабынан коопсуздук күчтөрүн бутага алуу үчүн жайгаштыргандыгын билдирди.

Талибандан берилген маалыматта болсо жарандардын коопсуздук күчтөрү тарабынан атылган минометтун үйлөрүнө келип түшүүсү менен каза болгондугу  билдирилди.



Тектеш кабарлар