Том Круз жаңы киносун Украинада тартат

Круз Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу боюнча Киевге барды.

1279667
Том Круз жаңы киносун Украинада тартат

Голливуддагы атактуу актер жана режиссер Том Круз жаңы киносун Украинада тартат.

Украинанын Президенттик аппаратынын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Круз Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу боюнча баш калаа Киевге барды.

Зеленский Крузду кызмат орунунда кабыл алып көпкө сүйлөштү.

Жолугушууда Круз жаңы кино долбоору бар экенин, муну тартуу үчүн Украинанын айрым аймактары менен байланышканын, ушул максат менен Украинага сапар жасаганын айтты.

Украинанын президенти Зеленский да Крузга өзүнүн кино тармагындагы тажрыйбасын түшүндүрдү.

Жакында эле Украина парламентинин чет элдик компаниялардын өлкөдө кино тартуусу үчүн жеңилдиктерди камсыздаган мыйзамды кабыл алганын эске салган Зеленский: «Бул мыйзамдын дүйнөлүк кинопродюсерлердин инвестиция салуусу үчүн өлкөнү ыңгайлуу абалга айландыра турганына ишенемин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар