Орусия континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады
Орусия ядролук дүрмөт ташый алган континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады
1279905
![Орусия континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ec95/3ad3/7039/5d456a5c6e8bf.jpg?time=1718739100)
Орусия континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады. Ядролук дүрмөт ташый алган Тополь-М ракетасы Плесецк базасынан учурулду.
Орусиянын коргоо министрлигинин жарыясына караганда ракета системаларынын бардык комплекстеринин иштегени ырасталды. Ракета Камчатка аралындагы бутасын так убагында жана таамай атты.
Бул Москванын «Орто аралыктагы ядролук күчтөр» келишиминен чыгуусунан кийинки эң маанилүү сыноосу болду. Орусия июль айында «Тополь» ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган болчу, бирок видео бөлүшкөн эмес эле.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718739100)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.