Жаңы Зеландияда учак кырсыкка учурады

Кырсыкта учактагы учкуч менен окуучусу каза болду.

1278777
Жаңы Зеландияда учак кырсыкка учурады

Жаңы Зеландиянын түндүк аралындагы Тараруа Рангес аймагында машыгуу үчүн учуп кырсыкка учураган учактагы учкуч жана окуучу каза тапты.

Радио Жаңы Зеландиянын кабарына караганда кечээ кечки сааттарда Парапарауму кыштагындагы аэропортко конушу күтүлгөн бирок радардан жоголгондугу билдирилген Tecnam моделиндеги машыгуу учагынын урандысы эрте менен табылды.

Тик учарлар менен абадан жүргүзүлгөн изилдөө – куткаруунун натыйжасында Тараруа Рангес аймагындагы токой аянтына түшкөндүгү белгиленген учактагы учкуч жана окуучсунун каза болгондугу белгиленди.

Изилдөө – куткаруу кызматын аткаруу координатору Кеит Аллен кырсыктын ыңгайсыз аба шарттарынын себеп болгондугу болжолдолуп жаткандыгын айтты.

Полиция кырсыкка учураган учак тууралуу тергөөнүн Жаңы Зеландия жарандык авиация башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар