Мухаммед Жевад Зариф Кытайга нефть концессия берди деген ойлорду жалганга чыгарды

Petroleum Economist маалымат сайты Иран менен Кытайдын ортосунда юан менен арзан жана узун мөөнөттүү нефть сатуу концессияны камтыгандыгын ортого салган.

1278831
Мухаммед Жевад Зариф Кытайга нефть концессия берди деген ойлорду жалганга чыгарды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф : «Кытайга нефть сатууда концессия берилди»,- деген  сөздөрдү жалганга чыгарды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги  IRNAга маалымат берген Зариф Кытайга нефть сатууда арзандатуунун болгондугу  жана узун мөөнөт берилгендиги тууралуу кабарлардын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирди. Зариф : «Кытай менен түзгөн 25 жылдык стратегиялык келишим Ирандын сунушу эле. Ал тууралуу иштеп жатабыз. Азырынча эч бир беренеси жок пайдасы тийе тургандай»,- деди.

Борбору Британия болгон Petroleum Economist маалымат сайты Иран менен Кытайдын ортосунда 2016 -  жылы 25 жылга кол коюлган стратегиялык келишимдин Кытайга юан менен арзан жана узун мөөнөттүү нефть сатуу концессияны камтыгандыгын ортого салган.  

 



Тектеш кабарлар