Грециянын Мидилли аралындагы өрт

Өрттөн таасир алган бир аял менен бир бала каза тапты.

1279123
Грециянын Мидилли аралындагы өрт

Грециянын Мидилли аралындагы Мориа качкындар лагеринде өрт чыгып бир бала менен бир аял каза тапты.

Жергиликтүү басма сөздө орун алган маалыматтарга караганда начар шарттары менен билинген Мориа лагеринен көчүүнү каалаган топтун акция уюштурган учурунда качкындар жашаган контейнерде өрт чыкты.

Өрттөн таасир алган бир аял менен бир бала каза тапты.

Бул учурда контейнерлерде чыккан өрттү өчүрүү үчүн келген өрт өчүрүүчү топторго тоскоол болууга аракет кылган качкындар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Лагердеги башкарууучулардын имаратын басып алууга аракет кылган качкындар коопсуздук күчтөрүнө таш жана таяктар менен кол салышты. Полиция болсо үн бомбасын атып, көздөн жаш агызуучу газ чачты.

Мидилли мэриясынын башчысы Стратис Кителис, грек телеканалдарына берген маалымдоосунда лагерде болгон зомбулук окуяларынын тышкарыга жайылуусунан санааркаганын, борбор шаар Афинадан кошумча полиция колдоосун талап кылганын айтты.

Бир тараптан Греция басма сөзү Афинадан эки ыкчам күчтөр бөлүгүн С-130 учактары менен Мидиллиге жөнөткөнүн баяндады.



Тектеш кабарлар