Чилиде жер титирөө болду

Жер титирөөнүн адам  өмүрүнө зыян алып келгендиги же алып келбегендиги азырынча белгисиз.

1278511
Чилиде жер титирөө болду

Чилиде 6. 8 баллдык жер титирөө болду. 

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борборунан берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10: 57де болгон жер титирөөнүн эпицентринин Constitucion шаарынын 66 километр батыш -  түштүк батышында, жердин 16, 5 километр тереңдигинде болгондугу белгиленди. 

Жер титирөөнүн жээк тилкесин жана 360 киломтр алыстыктагы борбор шаар Сантиагодогу имараттарды термелткендиги, азырынча чыгым тууралуу отчеттун берилбегендиги билдирилди. Чили улуттук чукул абал агенттиги жер титирөөнүн өлкөнүн ортоңку жана түштүк бөлүгүндө сезилгендигин белгиледи. Жер титирөөнүн адам  өмүрүнө зыян алып келгендиги же алып келбегендиги азырынча белгисиз.

 

 

 



Тектеш кабарлар