АКШ Катардагы аба кыймылы борборун жапты

«Вашингтон Пост» гезитиндеги кабарга караганда АКШнын аба күчтөрү Катардагы Ел – Удейд аба базасындагы Бириккен аба жана космостук операциялары борборунун иштерин акырына чыгарды.

1278843
АКШ Катардагы аба кыймылы борборун жапты

АКШнын аба күчтөрү Катардагы бириккен кыймыл борборун жапты.

«Вашингтон Пост» гезитиндеги кабарга караганда АКШнын аба күчтөрү Катардагы Ел – Удейд аба базасындагы Бириккен аба жана космостук операциялары борборунун иштерин акырына чыгарды.

Аба күчтөрүнүн Жакынкы Чыгыш, Түндүк Чыгыш Африка жана Түштүк Азиядагы кыймылдары башкарылган борбор Түштүк Каролина аймагындагы Shaw аба күчтөрү базасына көчтү.

Вашингтондун кыймыл борборун өз чектерине көчүрүү чечиминин аймакта Иран менен араздашуулар болгон бир мезгилге туш келгендигине көңүлдөрдү бурду.

Аба күчтөрүнөн жетекчилер гезитке берген маалыматта көчүүнүн узун убакыттан бери пландалгандыгын бирок акыркы мезгилде Ирандан чыккан тобокелчиликтердин долбоорду ылдамдаткандыгын баса белгиледи.

Ирандын бир топ жолу аймактагы Американын аскердик буталарын атуу ниетин ачыкча айткандыгын белгилеген жетекчилер Катардагы кыймыл борборунун ичиндеги база менен кол салуу бутасынын болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Сауд Арабиянын улуттук нефть фирмасы Сауди Арамкого таандык эки комплекске 14 -  сентябрда куралдуу учкучсуз аба аппараты менен кол салуу болгон.

Сауд арабиянын нефть өндүрүшүнө чоң сокку урган кол салууну Йемендеги Иран колдогон хуси куралдуу күчтөрү моюнга алган. Вашингтон башкаруусу менен батыштык өлкөлөр болсо кол салуу тууралуу түздөн түз Ирандын жооптуу экендигин айтышкан.



Тектеш кабарлар