Жеффринин Сирияда коопсуз аймак түзүү боюнча маалымдоосу

Жеффри, Нью-Йоркто өткөргөн маалымат жыйынында сириядагы абалдар тууралуу маалымат берди.

1277519
Жеффринин Сирияда коопсуз аймак түзүү боюнча маалымдоосу

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри, сириялык качкындардын өлкөлөрүнө айтуусу менен катар дагы көп теманы Түркия менен сүйлөшүүгө даяр болгондорун билдирди.

Жеффри, Нью-Йоркто өткөргөн маалымат жыйынында сириядагы абалдар тууралуу маалымат берди.

Сирияда режимдин дагы деле аскердик жеңишке жтишүүнү максаттаганын, бирок кысым астында болгону үчүн Конституция комитетин кабыл алганын жана саясий чечүүчү жолго башбакканын белилеген Жеффри: «Кысымды улантышыбыз керек»,-деп айтты.

Түркиянын Сириянын түндүк чыгышында түзүүнү пландаган коопсуз аймакка да баа берген Жеффри: «Түркия менен бул темада көптөн бери иштешип жатабыз. Түрктөр менен Манбиж темасында макулдашууга аракет кылдык, анткени Түрктөр укуктуу, жикчил террор уюму ПККнын айынан 1984-жылдан бери миңдеген кишисинен ажырады жана ПКК менен байланыштары болгон күчтөр темасында санааркоолору бар. Түрктөрдүн албетте аскердик альтернативасы бар. Муну Афринде, Жераблуста жана Эл Бабда ПКК террористтерине жана ДЕАШка мүчө экенин ойлогон элементтерге каршы жүргүзүштү»,-деди.

Жеффри, Сириянын түндүк чыгышында коопсуздукту жана ырааттуулкту камсыздоо, ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантуу жана Түркиянын жана жергиликтүү күчтөрдүн санааркоолорун жоюу үчүн бардык тараптарга коопсуз аймак сунушун сүйлөшкөндөрүн белгилеп кетти.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын «Эки жуманын ичинде бул жерден (коопсуз аймак) натыйжа алынбаса өз кыймыл планыбызды ишке киргизебиз»,деген билдирүүсү суралганда Жеффри: «Түрктөр менен саясий багыттары да болгон аскердик келишимибиз бар. Качкындардын кайтуусу менен катар дагы көп теманы сүйлөшүүгөқ даярбыз»,-деди.

Жеффри, Манбиж темасында болсо Түркия менен башкача келишимдери бар экенин жана буга качкындардын кайтуусунун да кошулганын айтты.



Тектеш кабарлар