Орусия АКШ санкциясына каршылык көрсөттү
Сергей Вершинин АКШнын Орусияга карата жаңы санкцияларынын кабыл алынгыс экендигин айтты. Вершинин
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин АКШнын Орусияга карата жаңы санкцияларынын кабыл алынгыс экендигин айтты. Вершинин АКШ башкаруусунун Орусиядагы кээ бир фирма жана кишилерге карата чыгарган жаңы санкция чечимине каршылык көрсөттү. Бул саясаттардын АКШнын Орусияга карата жүргүзгөн санкция саясатынын уландысы экендигин баса белгилеген Вершинин : «Бул эч качан кабыл алынгыс экендигин ойлогон бир тараптуу санкциялардын негизинде мурунку Америка саясатынын уландысы»,- деди.
АКШнын казына министрлигинен бүгүн берилген маалыматта Сириядагы орус куралдуу күчтөрүнө учак үчүн күйүүчү май берген түзүлүшкө кирди деген негиз менен Орусияга таандык 5 кеме, бир фирма жана 3 кишинин санкция тизмесине алынгандыгы билдирилген.
Орусия 2014 - жылы март айында Крым автоном республикасын жана Севастополь шаарын мыйзам тышы аннекция кылган. Крымдын Орусия тарабынан аннекция кылынышы жана Украинанын чыгышында чыккан окуялардан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана кээ бир өлкөлөр Орусияга санкция сала баштаган.