Ирандын президенти Индиянын премьер - министри менен Кашмир маселесин сүйлөштү

Рухани Моди жана Уганданын премьер  - министри Рухакана Ругунда менен АКШнын Нью – Йорк шаарында жолугушту.

1277491
Ирандын президенти Индиянын  премьер  - министри менен Кашмир маселесин сүйлөштү
ruhani, rugunda.jpg

Ирандын президенти Хасан Рухани Индиянын премьер  - министри Нарендра Модиден Кашмир аймагында элдин маселелерин чече турган кыймылдарды кылышын суранды. Рухани Моди жана Уганданын премьер  - министри Рухакана Ругунда менен АКШнын Нью – Йорк шаарында жолугушту.

Иран президенттигинен берилген маалыматка караганда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 -   сессиясынын жыйындары үчүн Нью – Йоркко барган Рухани менен Моди аймактык маселелер тууралуу сүйлөштү.

Азиянын маанилүү өлкөсү болгон Индиянын Иран менен узун тарыхынын бар экендигин жана эки өлкөнүн карым  - катнаштарын  дагы көп өнүктүрүү потенциалынын бар экендигин айткан Рухани Иран, Индия жана Афганстандын Чабахар портун пайдалангандыгын жана аймактагы элдин да мындан пайдаланарын айтты.

Моди да Ирандын атомдук энергиядан пайдалануу укугун колдошкондорун белгилеп, Индиянын бир гана БУУнун санкцияларын расмий түрдө таныгандыгын жана Иран менен аткара ала турган иштер тууралуу артта калышпай тургандарын айтты. Руханинин Модини Тегеранга чакыргандыгы жана сапардын ылайыктуу бир убакта аткарылары белгиленди.

Уганданын премьер  - министри Рухакана Ругунда менен да жолугушкан Рухани мурунку күнү БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылуусунда сунуш кылган «Ормуз Тынчтык Демилгеси» планы жана АКШнын аймакта болушу тууралуу  сөз сүйлөдү.

АКШ, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтерин сынга алган Рухани : «АКШнын Йемендеги согуштун жана колдогон Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмирлигинин басып алуусунан жыйынтык чыкпай тургандыгына ынанмайынча азыркы абалдын өзгөрүшүн күтүү абдан кыйын. Бул күчтөрдүн азыркы учурдагы башкаруулары бир гана араздашуунун күч алышына себеп болот»,- деген көз карашын бөлүштү.



Тектеш кабарлар