АКШ Сауд Арабияга курал берет

Пентагон Арамко кол салууларынан улам Сауд Арабияга 200 аскер, 1 Патриот абадан коргонуу батареясы жана 4 күзөтчү радар системсынын жиберилерин билдирди.

1277486
АКШ Сауд Арабияга курал берет

 АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Арамко кол салууларынан улам Сауд Арабияга 200 аскер, 1 Патриот абадан коргонуу батареясы жана 4 күзөтчү радар системсынын жиберилерин билдирди.

Пентагондун катчысы Жонатан Хоффман бул тууралуу берген маалыматында : «Сауд Арабияга карата акыркы кол салуулар жана алардын талабы менен министр Марк Эспер АКШнын бул каражаттрады королдукка жиберерин жарыялады : бир Патриот батареясы, 4 күзөтчү радар жана 200гө жакын аскер»,- деди.

Хоффман мунун Сауд Арабиянын жарандык жана аскердик инфраструктураларын коргоого карата абадан жана ракеталык коргонуу жөндөмдүүлүгүнө маанилүү салым кошорун айтты. Министрдин кошумча күчтөрдүн даярданышын да бекиткендигин белгилеген катчы : «Бул кошумча күч 2 Патриот батареясы менен бир Терминал бийик тоолуу аянттарды коргоо системасын да камтыйт»,- деди.



Тектеш кабарлар