АКШ айрым ирандыктарга санкция киргизди

Майк Помпео, президент Дональд Трамп тарабынан жарыяланган тема тууралуу президенттик билдирүүсүнө шилтеме кылып жазуу түрүндө маалымат берди.

1277371
АКШ айрым ирандыктарга санкция киргизди

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Ирандык айрым жогорку рангадагы жооптуу кызматкер жана үй-бүлөлөрдүн АКШга киришине тыюу салынганын билдирди.

Майк Помпео, президент Дональд Трамп тарабынан жарыяланган тема тууралуу президенттик билдирүүсүнө шилтеме кылып жазуу түрүндө маалымат берди.

АКШда жакшы билим алган жана жумуш мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ирандык башкаруучулардын жана үй-бүлөлөрдүн АКШдагы эркиндик жана өнүгүүнү кыянаттыкка колдонгонун айтып чыккан Помпео: «Бул билдирүү менен белгиленген жогорку деңгээлдеги режимдин кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү, эми АКШга кире алышпайт. Алар Ирандагы коррупция жана жаңылыш бакшаруу менен өз элине азап тарттырып жатканда, АКШдагы эркин коом жана мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албайт»,-деп айтты.

Помпео, Тегеран башкаруучулугунун Ирандагы этникалык азчылыктарга жана ар башка динге мүчө топторго кысым көрсөткөнүн айтып чыкты.

Иран бакшаруучулугунун чет өлкөнүн атуулдарын кармоо аркылуу тышкы саясатта көзүргө ээ болууга аракет кылганын жактаган Помпео: «АКШ, Иран эли азап тартып жатканда ирандык жооптуу кызматкерлердин жана үй-бүлөлөрүнүн Америкага кирүүсүнө уруксат бере албайт»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар