Трамптын Кашмир маселесине көз карашы

БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйындарынын алкагында Нью-Йорк шаарында жүргөн Дональд Трамп жана Пакистандын премьер-минстри Имран Хан, БУУнун имаратында эки тараптуу жолугушууну ишке ашырды.

1275036
Трамптын Кашмир маселесине көз карашы

АКШнын президенти Дональд Трамп, Пакистан менен Индиянын ортосундагы Кашмир темасында жардам берүүгө даяр болгонун айтты.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйындарынын алкагында Нью-Йорк шаарында жүргөн Дональд Трамп жана Пакистандын премьер-минстри Имран Хан, БУУнун имаратында эки тараптуу жолугушууну ишке ашырды.

АКШ-Пакистан карым-катнаштарынын жана аймактык коопсуздук темалары каралган жолугушууда Трамп, Кашмир темасында маанилүү билдирүүлөрдү айтты.

Ар эки өлкөнүн тең лидерлери менен Кашмир темасын сүйлөшкөнүн жана бул маселенин чечилишин каалагандарын айткан Трамп, АКШ менен Пакистандын ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштарды арттыруу темасында макулдашкандарын маалымдады.

Трамп: «Кашмир темасында жардам берүүгө даярмын, муну каалаймын жана кыла аламын. Бул абдан татаал тема жана көптөн бери уланып келе жатат. Бирок ар эки арап тең (чечүүгө) каалоосу болсо мен да муну жасаганга даярмын»,-деп айтты.

Премьер-министр Хан болсо маселеге чечүүчү жол табуу боюнча АКШнын сөзү өтөт жана жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

Хан: «Бүгүнкү күндө Кашмирде 8 миллион адам, 900 миң аскердин курчоосу астында турат. Бул адамзат маселеси болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар