Орусия Арамко кол салуусу тууралуу обьективдүү тергөө болушу керектигин билдирди

Лавров менен Нигердин тышкы иштер министри Калла Анкоурао борбор шаар Москвадагы жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

1272992
Орусия Арамко  кол салуусу тууралуу обьективдүү тергөө болушу керектигин билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиянын нефть комплекстерине жасалган кол салууга байланыштуу тергөө процессинин обьективдүү болушунун маанисине токтолуп : «Далилдерге таянбаган айыптоолор көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн ордуна абал курч болгон аймакта араздашууну арттырат»,- деди.

Лавров менен Нигердин тышкы иштер министри Калла Анкоурао борбор шаар Москвадагы жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Сауд Арабиянын улуттук нефть фирмасы Сауди Арамко комплекмтеринде болгон кол салуу тууралуу : «14 -  сентябрда болгон кол салуудан тынчсыздануудабыз»,- деди Лавров.

Лавров кол салууга байланыштуу тарапсыз жана кенен масштабдуу тергөөнүн болушу керектигине көңүлдөрдү буруп: «Тергөө процессинин обьективдүү болушу маанилүү. Далилдерге таянбаган айыптоолор көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн ордуна абал курч болгон аймакта араздашууларды арттырат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар