Дональд Трамп : "Бир телефон менен бир өлкөгө кире алабыз"

Трамп Калифорния аймагынын Мексика чек арасында курулуп жаткан чек ара дубалында иликтөө жүргүзүп, бул жердеги процесс тууралуу журналисттерге маалымат берди.

1272569
Дональд Трамп : "Бир телефон менен бир өлкөгө кире алабыз"

 АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата ыктымалдуу кийлигишүү тууралуу : «Бир телефон менен бир өлкөгө кире алабыз. Мунун бүгүн болушу шарт эмес. Эртең болушу мүмкүн, эки жумадан кийин болушу мүмкүн»,- деди.

Трамп Калифорния аймагынын Мексика чек арасында курулуп жаткан чек ара дубалында иликтөө жүргүзүп, бул жердеги процесс тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Чек арага курулуп жаткан дубал менен түштүк чек арасындагы мыйзам тышы качкындар кризисин чечишерин баса белгилеген Трамп : «Эми көп киши келе албайт»,- деди.

Иранга карата ыктымалдуу аскердик кийлигишүү тууралуу да маалымат берген Трамп : «Жакынкы Чыгышта эмнелердин болорун учуру келгенде көрөбүз. Кийлигишүү оңой. Бир телефон менен кандайдыр бир өлкөгө кире алабыз. Мунун бүгүн болушу шарт эмес. Эртең да болушу мүмкүн, эки жумадан кийин да болушу мүмкүн»,- деди.

Бир тараптан Дональд Трамп өткөн жумада кызматынан алган Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен да бир топ темада пикир келишпестигинин болгондугун баса белгилеп : «Болтон сыяктуу адамдар Иракка кирүүнү каалады жана иш жолунда кеткен жок. Сазга батышты. Жакынкы Чыгышта полиция болдук. Бул абдан коркунучтуу эле»,- деди.



Тектеш кабарлар