Трамп талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрбөйт

АКШ Ооганстандагы кол салууларды айыптады.

1271572
Трамп талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрбөйт

АКШнын президенти Дональд Трамптын Ооганстандагы кол салуулардын себебинен Талибан менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрбөй тургандыгы билдирилди.

Ак үйдүн Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Ооганстандын баш калаасы Кабул жана Парван аймактарында болгон жана 48 кишинин өмүрүн алган кол салуунун айыпталгандыгы белгиленди.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы да өз билдирүүсү менен кол салууну айыптаган эле.

Баш калаа Кабул жана Парван аймактарында Талибандын эки башка жанкечилик кол салуусунан 48 адам көз жумган. Бул эки кол салуунун тең жоопкерчилигин Талибан уюму өз мойнуна алган болчу.



Тектеш кабарлар